Site icon Reporter.kg

ЖК комитети Министрлер кабинетинин жаңы курамын колдоду (ТИЗМЕ)

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети бүгүн 12-октябрда Министрлер кабинетинин жаңы курамы жана түзүлүшү боюнча маселени карап, президенттин сунушун колдоду.

Министрлер кабинетинин төрагалыгына Акылбек Жапаров, анын биринчи орун басарлыгына Арзыбек Кожошев, экономика маселелери боюнча орун басарлыгына Азиз Аалиев, социалдык маселелер боюнча орун басарлыгына Эдил Байсалов, коопсуздук тармагы боюнча орун басар-УКМКнын төрагалыгына Камчыбек Ташиев.

Министрлер кабинетинин болжолдуу курамы:

— Экономика жана коммерция министри — Данияр Амангелдиев;

— Финансы министри— Алмаз Бакетаев;

— Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;

— Юстиция министри — Аяз Баетов ;

— Транспорт жана байланыштар министри — Эркинбек Осоев ;

— Айыл-чарба, суу ресурстар жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскарбек Жаныбеков;

— Энергетика министри  — Доскул Бекмурзаев;

— Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри — Динара Кутманова;

— Саламаттыкты сактоо министри— Алымкадыр Бейшеналиев ;

— Билим берүү жана илим министри— Болотбек Купешев ;

— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри —  Азамат Жаманкулов;

— Эмгек , социалдык камсыздандыруу жана миграция министри  — Кудайберген Базарбаев;

— Коргоо министри — Бактыбек Бекболотов;

— Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;

— Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев .

Exit mobile version