ЖМК: Атамбаев Орусияга Канттагы авиабазадан учат

ЖМК: Атамбаев Орусияга Канттагы авиабазадан учат

Алмазбек Атамбаев Орусияга Канттагы аскердик авиабазадан учат. Бул тууралуу экс-президентти колдоо шатбынан билдиришкенин маалымат каражаттары жазышууда.

Учурда Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө аны узатуу үчүн тарапташтары чогулуп, даярдыктар көрүлүүдө.

Айрым маалымат каражаттары Атамбаевдин “Манас” эл аралык аэропорту аркылуу учуп кетерин жазышууда.

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов Атамбаев Орусиядан бир күндөн кийин кайтып келерин билдирген.

Белгилей кетсек, ИИМдин тергөө кызматы Атамбаевди 3 жолу суракка чакырган. Мурдагы президент өзүн суракка чакыруу мыйзамсыз экенин белгилеп, бир дагы жолу суракка барган эмес. Мындан улам Ички иштер министрлигинин жетекчилери Атамбаевдин суракка барбагындыгын билүү үчүн Кой-Таштагы анын үйүнө да барган.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди 103 депутаттын макулдугу менен тийбестиктен жана экс-президент статусунан ажыраткан. Башкы прокуратура аны жоопко тартуу боюнча 5 айыпты аныктаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>