Жогорку Кеңеш чек ара боюнча мурда кабыл алынган токтомдорунун аткарылышын жабык кароодо

Жогорку Кеңеш чек ара боюнча мурда кабыл алынган токтомдорунун аткарылышын жабык кароодо

Чек ара маселелерине байланыштуу мурда кабыл алынган Жогорку Кеңештин токтомдорунун аткарылышы жабык карала баштады.

Бул тууралуу Парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып, жыйын кечки саат бештен өтүп башталганын маалымдады.

24-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы тууралуу маселе каралган. Анда вице премьер-министр Жеңиш Раззаков маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп береген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>