Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени жабык карайт

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени жабык карайт

Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңеште Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал боюнча өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин маалыматы угулмак. Бирок спикер Дастанбек Жумабеков аталган маселени жабык кароону сунуштады.

Ал мыйзамда Жогорку Кеңештин регламентине ылайык чек ара маселесин жабык кароого жол берерин айтты.

Кээ бир эл өкүлдөрү жыйынды жабык өткөрүүнүн кажети жок экенин айтса, ал эми «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Мухаммедкалый Абылгазиевдин маалыматын ачык өткөрүүнү, талкууну жабык кароо сунушун берди.

Жыйынтыгында маселе жабык түрүндө карала турган болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>