Жогорку Кеңеште миграция маселеси талкуланууда

Жогорку Кеңеште миграция маселеси талкуланууда

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Юстиция министри Марат Жаманкулов аталган мыйзам долбоордун концепциясы менен тааныштырды.

«Эгерде арыз ээсине карата сотко жарандык доомат коюлса — иш боюнча териштирүү аяктамайынча Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгууга убактылуу баш тартылат. Мындай чектөөнү киргизүү негиздүү эмес жана жарандын субъективдүү укуктарын чектөөнүн себеби боло албайт. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечиминде КР Конституциясынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык, деп көрсөтүлгөн», — деп маалымат берди Жаманкулов.

Талкууда депутат Исхак Масалиев бирөөдөн же банктан карыз акча алып чет өлкөгө качып кетсе, карыз берген адам же банк жабыркабайбы деген суроону коюп, бул жагдай менен коррупцияга жол берилип калат деген пикирин билдирди. Мындай ойду улаган депутат Марлен Маматалиев жарандык маселелерди бөлүп-бөлүп кароо керектигин белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>