Жогорку Кеңеште саламаттык сактоо министрин кызматтан алуу сунушталат

Жогорку Кеңеште саламаттык сактоо министрин кызматтан алуу сунушталат

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети бүгүн, 26-апрелде саламаттык сактоо тармагындагы бир катар көйгөйлөр карамак.

Бирок саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жыйынга келбегенине байланыштуу комитеттин отуруму кийинкиге жылдырылды.

“Биз аны расмий түрдө үч жолу чакырдык. Бирок ал жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалган ушактарды таратып жүрөт. Биз азыр комитеттин жыйынын өткөрбөшүбүз керек. Бейшеналиевдин жоопкерчилигин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында карашыбыз керек”, — деди депутат Евгения Строкова.

Комитеттин мүчөлөрү Бейшеналиевди кызматтан алуу тууралуу Жогорку Кеңештин 28-апрелдеги жалпы жыйынында сунуш киргизмей болду.

Бул сунуш өткөн аптада да ушул комитетте көтөрүлгөн. Депутаттар “Бейшеналиевдин коронавирусту уу коргошун менен дарылоо тууралуу билдирүүлөрү анын бул кызмат ордуна ылайык келбейт” деп өкмөткө сунуш жолдошкон.

16-апрелде Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын колдонуп жатканын айтып чыккан. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин белгилеген. Президент экөө кайнатманы даярдап жатканын, дарыгерлерди чакырып, аларга дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалаган.

Бул билдирүү коомдо кызуу талкуу жараткан. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму жана бир катар адистер коронавирустан дарылоодо уу коргошундун (аконит) пайдасы далилдене электигин эскерткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>