Жогорку Кеңештин депутаттары кызмат учурунда каза болгон аскерлердин үйбүлөсүнө эки күндүк маянасын которот

Жогорку Кеңештин депутаттары кызмат учурунда каза болгон аскерлердин үйбүлөсүнө эки күндүк маянасын которот

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңеште депутат Кожобек Рыспаев Кыргыз-Тажик чек арасында ок атышууда  жана Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында каза болгон аскерлердин үй-бүлөсүнө Жогорку Кеңештин депутаттары эки күндүк маянаны которууну сунуштады.

 «Эки аскердин тең артында 3төн баласы калды. Мен депутаттарга эки күндүк эмгек маянабызды которуп, жардам берсек деген сунуш айтам, добуш менен чечип берсеңер», — деди депутат.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке маал Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп, кыргыз тараптан 13 адам жаракат алып, 1 адам каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>