Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Роза Абдраимова каза болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Роза Абдраимова каза болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Роза Абдраимова пневмониядан көз жумду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Абдраимова 63 жашта болчу. Ал 1957-жылы 28-февральда Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулган.

Роза Абдраимова 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин «Ак-Жол» партиясынан депутат болгон.

Reporter.kg  маалымат агенттигинин эмгек жамааты Роза Абдраимованын көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>