Жогорку Кеңештин төрагасы жана депутаттары канча айлык алары айтылды

Жогорку Кеңештин төрагасы жана депутаттары канча айлык алары айтылды

Жогорку Кеңештин депутаттары 200 миң сом маяна алат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымында, ал спикер Дастан Жумабеков менен байланышып, депутаттар канча маяна аларын тактаган.

«Жогорку Кеңештин депутаттары 200 миң сом эмгек өргүү акысын алыптыр деген айрым такталбаган маалыматтар коомчулугубузду кабатыр кылды. Бул маселе боюнча төрага Дастан Жумабеков менен бир аз мурда сүйлөшүп, төмөнкүлөрдү тактадык.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын эмгек акылары толук бойдон Эмгек кодексинде жазылган нормаларга ылайык чегерилет. Төраганын бир айлык эмгек акысы 30 миң сом, вице-спикерлердики 27 миң сом, депутаттардыкы 25 миң 500 сом. Эмгек Кодекси боюнча эмгек өргүү акысы бир айлык маянанын көлөмүнөн ашпайт. Андыктан, Фейсбук баракчасындагы биз тааныбаган атуулубуздун «ар бир депутат кассадан 200 миң сом алып атканын көргөндөр бар» деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт», — деп маалымдады ал.

Нуракун уулу эл өкүлдөрү кассадан маянаны колдоруна албай турганын, алардын банктык карточкасына түз которула турганын да кошумчалаган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>