Жогорку Кеңешке Жумалиевдин ордуна жаңы депутат келди

Жогорку Кеңешке Жумалиевдин ордуна жаңы депутат келди

Бүгүн, 21-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «Бир Бол» партиясынын тизмеси боюнча шайланып келген Аманкул Токтоманбетов ант берди.

Эскерте кетсек, буга чейин «Бир Бол» парламенттик фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев мандатын тапшырган.

Жумалиев 4-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, коррупцияга шектелип, камакка алынган.

14-апрелде УКМК Жумалиев жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашык акча каражатын, коммерциялык активдерди жана кыймылсыз мүлктү өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп бергендигин билдирип, эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарган.

Кубанычбек Жумалиев 1 млрд сом төгүп, үй камагына чыкты

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>