Жогорку сот Текебаевдин ишин кароону 21-августка жылдырды

Жогорку сот Текебаевдин ишин кароону 21-августка жылдырды

Бүгүн Жогорку сот камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишин 21-августка жылдырды. Бул тууралуу «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Сотто төрагалык кылган судья иш көлөмдүү экенин айтып, Текебаевдин соттук отурумун бир айга жылдырды.

«Судья «Биз ишти изилдегенге убакыт керек» деген жүйө менен Өмүрбек Текебаевдин соттук отурумун 21-августка жылдырылды. Биздин жактоочулар жаңы жагдайлар боюнча Текебаевдин иши кайра каралсын деп Башкы прокуратурага 5 ай мурда беришкен. Учурда соттун бир ай убакыт керек дегени түшүксүз болуп жатат. Анын себептерин билбей жатабыз. Бирок сот ушундай чечим чыгарды», — дейт Шыкмаматов.

“Ата Мекен” партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунованын айтмында, негизги күбө – Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү жалган экенин далилдеген жаңы жагдайлар бар экенин айткан.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов “коррупция” боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. “Менден 1 миллион доллар пара алган”  деген көрсөтмө берген негизги күбө Леонид Маевский Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>