Жогорку соттун статс-катчысы коррупцияга шектелип кармалды

Жогорку соттун статс-катчысы коррупцияга шектелип кармалды

Жогорку соттун Соттук департаментинин статс-катчысы К.С.А. коррупциялык схемаларды түзгөнгө шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы департаменттин кызмат адамдары сот аткаруучу кызматтын бөлүмдөрү үчүн «Сот тутумунун карызкорлорунун реестри» автоматташтырылган маалыматтык системаны, ошондой эле башка программаларды иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу боюнча формалдуу түрдө тендер өткөрүлгөн. Анда IT-компаниялар менен 4 миллион 84 миң 500 сомго жасалма келишим түзүлгөн.

Маалым болгондой, айтылган программалар Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалыматтык технологиялар башкармалыгынын адистери тарабынан буга чейин эле иштелип чыгып, жүзөгө ашырылган.

Ага карабай Соттук департаменттин кызмат адамдары IT-компаниялары менен өз ара келишимге барышып, мурда эле иштелип чыгып, жүзөгө ашырылып жаткан программаны иштеп чыгуу үчүн жалган келишим кабыл алышкан. Ал эми бөлүнгөн каражатты кымырышканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>