Журналист Али Токтакунов “Азаттыктан” кетти

Журналист Али Токтакунов “Азаттыктан” кетти

“Азаттык” радиосунун журналисти Али Токтакунов мекемедеги ишмердүүлүгүн бүгүнтөн тарта токтотконун “Facebook” баракчасы аркылуу билдирди. Ал мунун себебин өлкөнү турукташтырууга жардам берүү аракети менен түшүндүрдү.

“Кырдаалга байланыштуу мен кандайдыр бир жардамым тийээр деген максатта ушул мүнөттөрдөн тарта журналисттик милдеттеримди убактылуу токтоттум. Демек, белгисиз мөөнөткө чейин менин кылган иштерим “Азаттыкка” эч кандай байланышы жок”, деп жазды Токтакунов.

Бир нече саат мурун “Азаттыктын” дагы бир таанымал журналисти Ыдырыс Исаков аталган үналгыдан кеткенине эки ай болгонун айткан. Исаков мунун себебин ачыктаган эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>