Журналист Бүбүкан Досалиева дүйнөдөн кайтты

Журналист Бүбүкан Досалиева дүйнөдөн кайтты

Кыргыз журналистикасы орду толгус оор жоготууга учурады. 5-июлда  белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева оорудан улам улам 62 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын кесиптештери кабарлаган. 

Ал көп жылдар бою «Азаттык» радиосунда эмгектенген. Мындан сырткары КТРК, «Сары Өзөн Чүй» телеканалдарында дагы иштеп кеткен.

Бүбүкан Досалиева Жусуп Баласагын атындагы КУУда жана Кусейин Карасаев атындагы БГУда журналистика кафедраларында иштеп, жаш журналисттерди тарбиялоого өз салымын кошкон.

REPORTER.KG  маалыматтык агенттиги маркумдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>