Журналист Нурзат Ниязова каза болду

Журналист Нурзат Ниязова каза болду

Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) журналистти Нурзат Ниязова каза болду. Бул тууралуу телеканалдын расмий сайтына жарыяланды. 

“Узакка созулган оорудан улам, 39 жаш курагында Ниязова Нурзат Шаабековна дүйнөдөн кайтты. Биз чогуу иштеген кесиптешибизди гана эмес, өз ишин мыкты билген профессионал, чыныгы инсандык сапаттарга ээ болгон мыкты адамды жоготтук. Нурзат Ниязованын жаркын элеси, мыкты адамдык сапаттары жана кылган эмгеги жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат! Дүйнөдөн мезгилсиз кайткан  Нурзат Ниязованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына КТРК жетекчилиги жана эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат”, — деп айтылат маалыматта. 

Нурзат Ниязова 1981-жылы 12-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн.

1999-жылы И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин англис тили филологиясы бөлүмүн аяктаган.

2006-жылы Корпорациянын курамындагы республикалык радиотеле борборго ишке алынып, КТРКнын расмий сайтынын калыптаныш мезгилинен тартып эмгектенген.

2015-жылдан тартып, Нурзат Ниязова  КТРКнын расмий сайтын колдоо бөлүмүндө жетекчилик кызматында иштеп келген. Расмий сайттын калыптанышына жана өнүгүшүнө чоң салымын кошуп, сайттын медиа тармагына чыгышына көп эмгек жумшаган. Артында үй-бүлөсү, эки баласы калды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>