Жыл башынан бери коомдук жайларда түкүргөн жарандарга салынган айып пулдун көлөмү 6 млн сомду түздү

Жыл башынан бери коомдук жайларда түкүргөн жарандарга салынган айып пулдун көлөмү 6 млн сомду түздү

Үстүбүздөгү жылда 9 айындын жыйынтыгы боюнча ИИМ коомдук жайларда түкүргөн жарандарга салынган айып пулдун көлөмү 5,8 миллион сомду туздү. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде президенттик аппараттын жарандардын кайрылууларын кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Саякбай Субанов билдирди.

Анын айтуусунда, 2019-жылдын 9 айында КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 53-беренесине ылайык, тамеки заттарын тыюу салынган жерлерде чегүү, коомдук жерлерде жүрүм-турумдун жалпы кабыл алынган ченемдерин бузуу (түкүрүү, чимкирүү, чемичке чагуу жана башка ушундай аракеттер) боюнча 11 миң 437 протокол түзүлгөн.

«9 айда салынган айып пулдун жалпы суммасы 5 миллион 859 миң сом, анын ичинен 1 млн 400 миң сому төлөндү. Мындан тышкары 5 миң 500 жаранга коомдук эрежелерди бузгандыгы үчүн эскертүү берилди», — деди Субанов.

 Эскерте кетсек, 2019-жылдын 1-январынан тарта коомдук жайларда түкүргөндөргө 1 миң сом айып пул салуу мыйзамы күчүнө кирген. Эгерде адамдын аракеттери гигиена эрежелерин сактоо жана бет аарчыны, салфетканы, башка каражатты же урнаны пайдалануу менен жасалса, ал жоопкерчиликке тартылбайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>