Жыл башынан бери Жалал-Абадда 9 бала жол кырсыгынан каза болгон

Жыл башынан бери Жалал-Абадда 9 бала жол кырсыгынан каза болгон

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунун аймагында жол кырсыгынан 9 бала каза болуп, 120 өспүрүм ар кандай жаракаттарды алган.  Бул тууралуу Reporter.kg`ге облустук Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын ага инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымына караганда, ушул жылдын тогуз айына карата жаш балдар катышкан 112 жол кырсыгы катталган. Облус аймагында жаш балдар катышкан жол кырсыктарын алдын алууга багытталган ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет.

«Бүгүн эле башталгыч класстардын окуучулары арасында жол кыймылынын эрежелери боюнча сынактарды уюштуруп, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектерди бердик.  Ошону менен бирге жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк», — деди Сатыбалдиев.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад облусунда 2018-жылдын 9 ай аралыгында жаш балдар катышкан 116 жол кырсыгы каттлаган.  Мунун кесепектинен 15 бала каза болуп, 131 бала ар кандай жаракаттарды алышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>