«Жылаңач сүрөтүңдү чыгарам» деп өспүрүм кыздан 300 миң сом өндүргөн жигит кармалды

«Жылаңач сүрөтүңдү чыгарам» деп өспүрүм кыздан 300 миң сом өндүргөн жигит кармалды

Ноокенде өспүрүм кыздан опузалап акча талап кылган адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, январ айында Ноокен районун 43 жаштагы тургуну кызынан опузалап акча талап кылган адамга чара көрүп берүүсүн өтүнүп милицияга арыз менен кайрылган.

Ага ылайык, 2020-жылдын декабрь айынан баштап, аталган тургундун 16 жаштагы кызын Базар-Коргон районунун 21 жаштагы тургуну “жылаңач сүрөттөрүңдү интернетке чыгарып жиберемин” деп шантаж кылып коркутуп жүргөн. Кийин кыздын үйүндө турган үч жүз миң сомдук алтын буюмдарды алып чыктырып, саттырып, акчаны өз кызыкчылыгы үчүн коротуп жиберген.

Бул окуя боюнча Жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши ачылып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Милиция кызматкерлери иликтөө ишинин жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары Базар –Коргон районунун 21 жаштагы тургунун кармап, ал кылмышты толук моюнуна алган. 

Кийин шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, сот аны үй камагына чыгарган.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>