Жылдыз Бакашева КТРКга жетекчи болгону кабарланды

Жылдыз Бакашева КТРКга жетекчи болгону кабарланды

Жылдыз Бакашева Коомдук биринчи каналдын убактылуу жетекчиси болуп дайындалганы кабарланууда. Бүгүн каналдын байкоочу кеңеши жыйынга чогулуп, КТРКга жаңы жетекчи дайындоо маселесин карашкан. Натыйжада, көпчүлүк добуш менен Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканынын директору Жылдыз Бакашева кызматка келгени айтылууда.

Буга чейин аталган каналдын жетекчилигине акын Мирлан Самыйкожо, “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Чынар Капарова жана каналдын азыркы орун басары Жылдыз Уракунованын талапкерлиги каралып жатканы маалымдалган. Ал эми 2019-жылдын 6-мартында каналга директор болуп дайындалган Жайнак Усен уулу шайлоодон кийинки нааразычылыктардан улам өз арызынын негизинде кызматтан кеткен.

Ал эми Чынар Капарова “Ала-Тоо 24” телеканалын башкараары кабарланды.

Тэги: КТРК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>