Site icon Reporter.kg

Рубль сомго карата 1,69% арзандады. 30-июлга валюталар курсу

Кыргызстандын Улуттук банкы 30-июлга карата валюталардын сомго карата курсун жарыялады.

Жаңыланган курс боюнча сом рублдан башка өнөктөш өлкөлөрдүн бардык валюталарына карата арзандады. Орус валютасы 1,69% төмөндөп, 1,3505 сомду түздү.

Евро 0,23%га кымбаттап, 85,0205 сомго, доллар 0,12%га жогорулап, 83,1740 сомго бааланды.

Кошумчалай кетсек, теңге да сомго карата 0,46%га бекемдеп, 0,1743 сомдон сатылууда.

Exit mobile version