Site icon Reporter.kg

Рублдун наркы өсүүдө. 7-июнга валюталар курсу

Кыргызстандын Улуттук банкы 7-июнга карата валюталардын сомго карата расмий курстарын жарыялады. Такталган маалыматтарга караганда, евро менен теңгенин курсу бекемделип, рублдун наркы көтөрүлдү.

Жума күндөн бери АКШ долларынын сомго карата расмий курсу мурдагыдай эле — 79,5 сом.

Евро сомго карата 0,04%га арзандап, 85,4705 сомду түздү.

Рубль менен теңге, тескерисинче, кайра кымбаттай баштады. Теңге 0,05%га кымбаттап, 0,1841 сомдон сатылууда. Орус рублинин сомго карата курсу дароо 3,91%га кымбаттап, 1,2875 сомду түздү.

Exit mobile version