Site icon Reporter.kg

“РухЭш” сайты жарыялаган котормо конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды

Улуттук адабиятты акын-жазуулардан мурда меценаттар көтөрөт. Мындай пикирин “РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү, жазуучу Олжобай Шакир “Супара” этно-комплексинде уюшулган бүгүнкү котормо боюнча байге тапшыруу аземинде билдирди.

Улуттук адабияттын казынасын байытуу максатында дүйнө адабиятын кыргыз тилине түп нускадан которуу боюнча конкурс былтыр – 2018-жылдын 12-декабрь – Кыргыз адабиятынын күнүнө арналган майрамда жарыяланганы белгилүү. Аталган конкурс “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун демилгеси жана демөөрчүлүгү менен уюшулганын аталган сайттын негиздөөчүсү Олжобай Шакир өзү баса белгиледи. Конкурстун байге фонду адегенде “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов тарабынан жүз миң сомду түзүп, кийин ага акын-адабиятчы, Жогорку Кеңештин экс-спикери жана депутаты, Чыныбай Турсунбеков жүз миң сом кошумчалап, жалпы байге фонду эки жүз миң сомдук бул атаандаштыкка келип түшкөн чыгармалар саны 62ге жеткенин кошумчалады конкурстун уюштуруучулары.

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы конкурс жыйынтыгы ушул жылдын 1-июлунда “ЭлТР” каналынын түз эфиринде жарыяланганы белгилүү. Калыстар тобунун мүчөлөрү: Айтматов таануучу жана адабиятчы Айнура Кадырманбетова, адабий сынчы Рысбек Эшматов, белгилүү публицист жана сынчы Жолдош Турдубаевдин чечими менен төмөндөгү калемгерлер жеңүүчү деп табылган.

Биринчи байгенин жеңүүчүлөрү:

Виктор Астафьев: “Алыскы түндүктүн зоокаларында” (№24) — Орусчадан оодарган Марсел Исаков.

Али Сабахаттин: “Асфальттуу жол” (№43) — Түрк тилинен которгон Мээрим Сайдилканова.

Амброз Бирс: “Үкү-Сай көпүрөсүндө болгон окуя” (№49) — Англис тилинен которгон Азат Жапарбек.

Экинчи байгенин жеңүүчүлөрү:

Антония Буицца: “Курбулар” (№27) — Италиян тилинен которгон Миргүл Өмүралиева.

Валентин Распутин: “Кемпир» (№34) — Орусчадан оодарган Мусакун Сатыбалдиев.

Эмир Калкан: “Жайлоонун гүлү” (№37) — Түрк тилинен которгон Салия Ибраимова.

Үчүнчү байгенин жеңүүчүлөрү:

Рубен Гальего: “Ак темгил жашоо” (№ 28) — Орусчадан оодарган Амирбек Азам уулу.

Фёдор Достоевский: “Кызык адам түш көргөндө” (№52) — Орусчадан оодарган Эрмек Шооруков.

Ɵмер Сейфеддин: “Күлгүн бермет менен кооздолгон чапан” (№6) — Түрк тилинен которгон Арген Шабданов.

Кызыктыруучу байгенин жеңүүчүлөрү:

Лев Толстой: “Балалыктын батылдыгы” (№22) — Орусчадан оодарган Эрнис Асек уулу.

Антон Чехов: “Тергөөчү” (№ 47) — Орусчадан оодарган Тариел Амантуров.

Евгений Шварц: «Жоголгон убакыт жөнүндө жомок» (№ 60) — Орусчадан оодарган Бакытбек Жунусалиев.

Эскертүү: аталган конкурста 1-орундун жеңүүчүсү деп табылган ар бир калемгерге 30 000 (отуз миң) сомдон 90 000 (токсон миң) сом; 2-орундун жеңүүчүсү деп табылган ар бир калемгерге 20 000 (жыйырма миң) сомдон 60 000 (алтымыш миң); 3-орундун жеңүүчүсү деп табылган ар бир калемгерге 10 000 (он миң) сомдон 30 000 (отуз миң) сом ыйгарылат, о.э. атайы кызыктыруучу байгенин жеңүүчүлөрү үчүн үч калемгерге 2 миң сомдон 6 миң сом тапшырылат.

Сыйлык тапшыруу аземи 19-июль күнү саат 12-00дө “Супара” этно-комплексинде салтанат менен тапшырылып, ар бир жеңүүчү акчалай байгелерден сырткары атайы дипломдор менен сыйланышты. О.э. конкурстун жеңүүчүлөрү үчүн калыстар курамынын котормо өнөрү боюнча атайы баяндамасы болуп өттү.

«РухЭш» сайты аталган конкурстун демөөрчүлөрү Жогорку Кеңешинин депутаты, акын, котормочу жана адабиятчы Чыныбай Турсунбеков менен “Замандаш” саясый партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматовго жана ар дайым маалыматтык колдоо көрсөтүп келаткандыгы үчүн “ЭлТР” каналынын жалпы жамаатына терең ыраазычылыгын билдирет.

Exit mobile version