Руслан Акматбек: депутаттар Мамытов менен Зулушев өткөндөн сабак алышса…

Руслан Акматбек: депутаттар Мамытов менен Зулушев өткөндөн сабак алышса…

Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов тарабынан сунушталып жаткан шайлоо мыйзамдарына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун күн тартибине киргизүүгө эл өкүлдөрү Талант Мамытов менен Курманкул Зулушев каршы чыгышкан.

Бул тууралуу эксперт Руслан Акматбек пикирин билдирди.

«Мамытов менен Зулушев бул мыйзам долбоорун күн тартибине киргизүүгө каршы болуп жатышат. Алар эл парламентти кыскартсын деп талап кылган дешүүдө. Эл 5-октябрда митингге бийлик адилеттүү шайлоо өткөрүүсүн талап кылып чыкты. Адилеттүү шайлоонун өткөрүү жолу Алтынбек Сулайманов сунуштап жаткан: босого балды 3 пайызга түшүрүү, күрөөнү 1 млн сомго азайтуу жана №2 форманы жокко чыгаруу. Мунун жыйынтыгы менен парламентке жаңы жүздөрдүн келүүсүнө шарт түзүлөт. Мисалы: “Чоң Казат”, “Реформа”, “Ыйман Нуру” деген партиялардын  Жогорку Кеңешке келишине шарт түзүлөт. 7 пайыздык босого менен колунда акчасы бар гана партиялар парламентке келе алат”, — деди Руслан Акматбек.

Ал бул мыйзам долбоорун Мамытов менен Зулушев  коомдук талкууда бир ай турушу керектигин билдиргенин айтты.

“Сулайманов аталган мыйзам долбоору мурун эле көтөрүлүп, коомдук талкууда турганын айтты. Бирок, Мамытов менен Зулушев  коомдук талкууда бир ай турушу керектигин айтышууда. А Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун датасын белгилеп койду. Бир айдан кийин үгүт иштери башталат.

Алардын бир гана тилеги бар. Келе элек Садыр Жапаровдун бийлигин бекемдөө максатында референдум өткөрүп, президенттик республикага айлантып, парламентти биротоло кол бала кылууну көздөп жатат. Муну түшүнүү үчүн саясий талдоочу болуунун кереги жок. Мүмкүн болушунча эркиндикти чектеп, мындан кийин кыңк этпей башкарыла турган өлкө абалына алып келүүгө жанталашып, далбастап жатышат. Себеби парламенттик шайлоо өтө турган болсо, жакшылар (чыныгы эл өкүлдөрү) келип, эмки парламент баш ийбей коюшу мүмкүн. Кеч калышат. 3%, күрөө, форма 2… деген маселелерге ошол себептен каршы чыгышууда. Булар элине кыянаттык кылуудан тажабады. Өткөндөн сабак албайт экен.

Эмнеге алар шашууда. Эгерде жаңы шайлоо болсо, парламентке жаңы жүздөр келет. Жаңы парламент президентке баш ийбеген, чыныгы парламентке айланышы мүмкүн. Анда жаңы өкмөт башчы шайланат”, — деди Акматбек.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 20-октярында жаңы парламенттик шайлоо болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>