Site icon Reporter.kg

Руслан Бекназаров 48 саатка камалды

Руслан Бекназаров Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды. Бул тууралуу Reporter.kg′ге Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Буга чейин Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров суракка чакырылганы маалымдалган. 

ИИМ маалымдагандай, интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүүдө “Фейсбук” социалдык тармагында Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды жайгаштырып, таратып жаткан аккаунт аныкталган.

“Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу беренеси боюнча катталган. Кылмыш ишинин алкагында 1981-жылы туулган жаран Р.Б. ИИМдин тергөө кызматына суракка чакырылды”, — деп айтылат ИИМдин маалыматында. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version