Site icon Reporter.kg

Руслан Казакбаевдин ордуна жаңы депутат келди

Аккулу Бердиев Жогорку Кеңештин депутаты болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аккулу Бердиев «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат болуп келди. Ал тышкы иштер министри болуп дайындалган Руслан Казакбаевдин ордуна мандат алган. Бердиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилген.

 

 

 

 

 

Exit mobile version