Рысалиевдин президент менен БАЭге кетиши боюнча ИИМ түшүндүрмө берди

Рысалиевдин президент менен БАЭге кетиши боюнча ИИМ түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация менен Бириккен Араб Эмирлигине кетиши боюнча Ички иштер министрлиги түшүндүрмө берди.

«Ушул жылдын 2-ноябрында Рысалиевдин ден-соолугуна байланыштуу чет өлкөдө дарыланышы зарыл экендиги боюнча анын жактоочусу кайрылган.

Ошого байланыштуу ИИМдин Тергөө кызматы, анын ден-соолугунун абалын эске алуу менен жана Кытай мамлекетинде дарыланууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин эске алуу менен Рысалиевге карата белгиленген Кыргызстандын аймагынан чыкпоо тууралуу чектөөлөр алынып салынгандыгын белгилейбиз», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылышы боюнча козголгон кылмыш ишинде фигурант болчу. Ал август айында үй камагына алынган.

Зарылбек Рысалиев Батукаев бошотулган маалда Жаза аткаруу кызматынын төрагасы болгон.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>