Рыскелди Момбеков: Кыргызстанда эле болуш керек көзү көрбөгөн адамды суракка чакырып, көргөн билгениңди айт деген

Рыскелди Момбеков: Кыргызстанда эле болуш керек көзү көрбөгөн адамды суракка чакырып, көргөн билгениңди айт деген

Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту угулуп жатат. Анда депутат Рыскелди Момбеков кесиптеши Дастан Бекешевдин ИИМге күбө катары суракка чакырылганы боюнча маселе көтөрдү.

Эл өкүлү башка прокурордун отчёту экенин айтты.

«Ачыгын айтайын башкы прокурордун отчёту эмес, бул башка прокурордун отчёту. Мурдагы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жок, мен аралаштырып суроо берейин. ИИМ 5-9-октябрдагы окуялар боюнча кесиптешим Дастан Бекешевди көргөн билгениңизди айтып бериңиз деп күбө катары суракка чакырды. Дастан Далабаевичтин көзү көрүп калды беле же анын көргөнүн булар көрүп калды беле?», — деп сурады Момбеков.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев ИИМ күбө катары суракка чакырса, алардын маалыматы боюнча Дастан Бекешев аралашып жүрсө керек деди.

Момбековго Бекешев ИИМ аны күбө катары чакырганын тастыктаганын белгиледи.

«Бекешев суракта эч нерсе көргөн жокмун деп жазып бериптир. Көргөн кишини көмүскөдө калтырып, көрбөгөн кишини чакырган Кыргызстанда эле болсо керек», — деди Рыскелдеи Момбеков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>