Рыскелди Момбеков: Тынар бизге кел «Ата-Мекенден» депутат болосуң – видео

Рыскелди Момбеков: Тынар бизге кел «Ата-Мекенден» депутат болосуң – видео

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «АЙ» телеканалына маек берди.  Ал куудул Тынар Курбаналиев  күздөгү парламенттик шайлоодо эски депутаттар кайра шайланса Орусиянын жарандыгын алам деген сөзүнө пикирин айткан.

«Тынар Курбаналиев деген куудул айтып кайра эски депутаттар келсе, көчүп кетем, жарандыктан баш тартсам дептир.  Тынар сен кетпе ушулар кетсин. Алардан зыян сенден пайда. Керек болсо депутаттыкка кел, «Ата-Мекен» менен аттан. Депутаттар куудул болсо болот, куудулдар депутат болсо болбойт бекен. Керек болсо Украинада куудул президент болду. Сен экөөбүз бүлдүргөндү билбейбиз, күлдүргөндү билебиз. Сен экөөбүз сүйлөсөк жугумдуу болот, алар сүйлөсө жугунду болот», — деген Момбеков.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>