Site icon Reporter.kg

Рыскелди Момбековдун диплому жокко чыгарылды

Экс-депутат Рыскелди Момбековдун диплому жасалма экени аныкталды. Бул тууралуу маалыматты УКМКдан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Рыскелди Момбеков 2003-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун жасалма дипломун пайдаланып, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын “Эл аралык мамиле” багыты боюнча окуусун аяктаган.

Кыргыз улуттук университетинен Рыскелди Момбековдун наамына белгиленген диплом 2003-жылы берилген эмес. Буга байланыштуу Дипломатиялык академиянын диплому жокко чыгарылган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version