Рыспаев: Медресе, мечиттерде электр энергиясына болгон бааны төмөндөтүү керек

Рыспаев: Медресе, мечиттерде электр энергиясына болгон бааны төмөндөтүү керек

Өлкөдөгү медресе, мечиттерде электр энергиясына болгон бааны төмөндөтүү зарыл. Мындай пикирди  Жогрку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев 29-октябрь күнү парлементтеги комитет жыйынында айтты.

Эл өкүлүнүн айтымында, мечиттер элдин талабы, коомдун кызыкчылыгы үчүн иш алып барышат, анткени өлкө калкынын 90 пайызын мусулмандар түзөт.

“Учурдагы тариф боюнча коммерциялык уюмдарга жеңилдик берүү жагы каралган эмес. Мисалы мечит, медресе объекттери коммерциялык өнөр жай категориясына коммерциялык мекемелер катары тарифке туура эмес киргизилип калган. Мечиттерде эч кандай өндүрүш жок. Өлкөдөгү медресе, мечиттерде электр энергиясына болгон бааларды төмөндөтүү зарыл. Силер эгер медресе, мечиттерге электр энергиясынын баасы түшүрүлсө, анда балдар үйлөрү да тарифти түшүргүлө деп айтарынан коркуп карабай жатасыңар. Эмне үчүн алар мындай тариф менен төлөшү керек”, — деген эл өкүлү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>