Site icon Reporter.kg

Сүлүктүдөгү шахтада 4 адам иске ууланып каза болду

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы көмүр шахтасында иштеп жүргөн  4 адам иске ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой,  окуя 10-декабрь күнү саат 16:50 чамасында “Ормон” шахтасында болгон.

Окуя болгон жерге 7 куткаруучу барып, 215 метр тереңдиктен иске ууланган жарандарды алып чыгышкан. Каза болгондор Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Айбийке айылынын тургундары экени аныкталган. Алар 34, 32 жаштагы бир туугандар жана 43, 23 жаштагы жарандар болгон.

Куткаруучулар каза болгондордун сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен.

Иллюстрациялык сүрөт
Exit mobile version