Сүйүн Өмүрзаковдун иниси Улукбек Өмүрзаков кармалды

Сүйүн Өмүрзаковдун иниси Улукбек Өмүрзаков кармалды

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун иниси Улукбек Өмүрзаков кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө, Ош облустук прокуратурасынын прокурору Улукбек Өмүрзаковдун кармалышына Канназар Ыдырысовдун  кайрылуусу себеп болгон.

Канназар Ыдырысов Садыр Жапаровдун 3-ноябрдагы эл менен жолугушуусунда  «Өмүрзаковдор» акчалуу кишилерден үлүш тартып алганын айтып, бул маселени чечүүнү суранган.

Ведомстволор аралык тергөө-тобунун иликтөөсүнөн кийин Улукбек Өмүрзаковдун Ыдырысовго тиешелүү кенди рейдерлик жол менен басып алганы аныкталган. Жана бул ишке катышы бар деп дагы үч адам кармалган.

Алар «Мухаммед Умар» спорттук клубунун кызматкерлери болгону,  ушул жылдын  январында «Жол чырак» көмүр кенин басып алып, 82 миллион сомдук мыйзамсыз көмүр казганы, жана социалдык төлөмдөрдү төлөбөгөндүгү аныкталганы айтылат.

Учурда бул факты боюнча тергөө жүрүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>