Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы көмүр шахтасында иштеп жүргөн 4 адам иске ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалым болгондой, окуя 10-декабрь күнү саат 16:50 чамасында “Ормон” шахтасында болгон.
Окуя болгон жерге 7 куткаруучу барып, 215 метр тереңдиктен иске ууланган жарандарды алып чыгышкан. Каза болгондор Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Айбийке айылынын тургундары экени аныкталган. Алар 34, 32 жаштагы бир туугандар жана 43, 23 жаштагы жарандар болгон.
Куткаруучулар каза болгондордун сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен.
Иллюстрациялык сүрөт