«Сүлгү менен муунткан». Өзбек журналисти Бобомурод Абдуллаев УКМКнын СИЗОсунда кыйноого алынган

«Сүлгү менен муунткан». Өзбек журналисти Бобомурод Абдуллаев УКМКнын СИЗОсунда кыйноого алынган

Өзбек журналисти Бобомурод Абдуллаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин СИЗОсунда кыйноого алынган. Бул тууралуу Reporter.kg’ге адвокат Тимур Карабаев билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстанга депортация болгондон кийин Абдуллаев ага кат жолдогон, анда ал кыйноого алынганы тууралуу  билдирген.

Журналисттин айтымында, аны депортациялоого макулдук берүү тууралуу документке кол коюу үчүн кыйнашкан.

«Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин улук тергөөчүсү Токонов Равшан мени 2020-жылдын 11-августунда саат 18:15 чамасында өзүнүн иш бөлмөсүнө чакырып, бир сааттай убакыт бою мени, адвокаттарым жок болгон учурда,« Өзбекстан Республикасынын жараны Абдуллаев Бобомурод Кодировичти Өзбекстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берүү жөнүндө токтомду» окуп, кол коюуга мажбур кылды. 2020-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басарынын бири тарабынан кол коюлган, бул документ менен жактоочуларымдын катышуусунда гана таанышып, кол коём дедим.

Бирок, менин мындай билдирүүлөрүмө жооп кылып, тергөөчү Равшан Токонов бир гана нерсени кайталады: “Сиз өз укугуңузду өз жериңизде айтасыз! Өзүңдүн мүнөзүңдү өзбектерге көрсөтөсүң! ”, — деди. Менин адвокаттарымды чакыруу боюнча менин талабыма, КР УКМКнын улук тергөөчүсү Равшан Токонов мындай деп жооп берди: “Мен сиздин адвокаттарыңызды чакыра албайм. Себеби алар кечээ, сенин сотуңдан кийин эле каза болушту «деди. Бирок, мен бул документке кол койгон жокмун. Андан кийин кызматкерлердин бири мени эки кабатка (темир керебетке) отургузуп, жашыл сүлгү менен муунта баштады. Муунтууга туруштук бере албай артка чалкалап, жерге куладым, сол колум жана оң кашым темир кутучанын бурчтарына тийди. Сол колум жана оң кашым кесилген. Менин бетиме кан агып баштаганда, СИЗО кызматкерлери тез эле менин камерамдан чыгып, эшиктерди жаап салышты. Бул жаракаттан улам дагы эле сол колумда жана оң кашымда тырыктар бар. Мен дагы деле бул документке кол койгон эмесмин”, — деп айтылат Абдуллаевдин катында.

Журналист өзбек тараптын өтүнүчү менен Бишкекте 8-августта кармалган. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы анын кандай айып менен кармалгандыгын так айткан жок. Мурда маалымдалгандай, ал өлкөгө билим берүү программасына катышуу үчүн келген, бирок коронавирус пандемиясынын шартында чек аралар жабык болгондуктан, чыга албай калган. Бобомурод Абдуллаев өз өлкөсүндө оппозициянын «Қора мерган» («Черный стрелок) каймана аты менен макалаларды жазган деп шектелүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>