СҮРӨТ: Бишкек – Ош жолу кышка даярбы?

СҮРӨТ: Бишкек – Ош жолу кышка даярбы?

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги атайын комиссия түзүлүп, Бишкек-Ош унаа жолунда жол коопсуздугун камсыз кылган кызматтардын иши жана алардын кышка даярдыгын текшерилгенин кабарлады.

Анын алкагында Чүйдөгү “Сосновка” постунан Токтогулдагы “Арал” постуна чейинки ашууларды тейлеген кызматтардын кышка даярдыгы, техникалары жана жолго чачуучу инерттик материалдар текшерилген. 

Анын жыйынтыгы менен жол тазалаган атайын техникалардын жетишсиздиги,  жолго кумдар кол менен чачылып ал өлкөнүн негизги жолунда коопсуз шарт түзүүгө ыңгайсыздык жаратып жатканы аныкталган. 

Мындан тышкары, комиссия кыш мезгилинде кандайдыр бир кырдаалга байланыштуу жол жабылганда “Сосновка” жана “Арал” постторундагы ӨКМ тарабынан коюлган тамак-аш берилүүчү жана жылытуу пунктардын даярдыгын текшерген. 

Анда “Арал” постундагы жылынуучу пункт толук даяр эместиги аныкталып, кемчиликтерди жоюу иш-чаралары аткарылган.

Ошондой эле ӨКМнын ашуулардагы нөөмөттө турган атайын техникалары,  жылынуучу, тамак-аш берилүүчү  пунктарынын ал-абалы жана куткаруучулардын даярдыгы текшерилген.

Мындан сырткары, оор жүк ташуучу унаалардын кышкы мезгилге карата толук кароодон өткөрүлөй алардын  ашууларга жайкы дизелдик май, чынжырчасыз барып токтоп калып, тыгын жаратып жатканы белгилүү болгон.

Буга байланыштуу ӨКМ айдоочуларды жолго чыгарда унаасын техникалык кароодон өткөрүп, кышкы тийиштүү жабдыктар менен жабдып алып чыгууга чакырат. 

[su_image_carousel source=»media: 50406,50407,50408,50409,50410,50411,50412,50413,50414,50415,50416,50417,50418,50419,50420,50421,50422,50423,50424,50425,50426,50427,50428,50429,50430,50431,50432,50433″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>