«Кыргызкөмүрдүн» директору Канатбек Ашырбаевди белгисиз адамдар сабап кетишти. Маалыматты мекеменин басма сөз катчысы Жибек Зоотбекова тастыктап, окуя 30-октябрь күнү түнү болгонун билдирди.
“Ал машыгуу залынан чыгып келе жаткан учурда эки белгисиз адам ур-токмокко алышыптыр. Бактыга жараша Канатбек Ашырбаев өзүн коргоого аракет кылган. Бүгүнкү күндө абалы жакшы”, — деди ал.
Ал эми Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы маалымат такталып жатканын айтты.