Нарын шаарынын борбордук аянтында саясий жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелигин ачуу расмий иш-чарасы өттү.
Ага премьер-министри Мухаммедкалый баштаган өкмөт мүчөлөрү жана парламент депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.
Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага келген конокторго театралдык оюн-зоок көрсөтүлдү.