Сөөктү сойдурбаган маркумдун туугандарынан моргдун кызматкерлери акча талап кылып жатышабы?

Сөөктү сойдурбаган маркумдун туугандарынан моргдун кызматкерлери акча талап кылып жатышабы?

Социалдык тармактарда Бишкек менен Оштун моргдорунда  маркумдун туугандарынан автопозия (сөөктү сойдурбаганы) кылдырбаганы үчүн акча талап кылып жатышат деген маалымат  тараган.

Айрым маалыматтарга караганда, өлүккананын кызматкерлери 300 доллардан 1000 долларга чейин акча алып жатышкан.

Бирок, ченемдик укуктук актыларга ылайык, коронавирус инфекциясынан көз жумган бейтаптарга сөсүз түрдө автопозия жасалышы керек.

Reporter.kg’ге Республикалык патологиялык бюронун башчысы Валентина Пахман, COVID-19 диагнозу менен каза болгондордун бардыгына автопозия  жасалып жатканын билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>