Сөөктү таштандынын жанына алып барып, жерге көмүп салган кылмышкерлерге сот чечим чыгарды

Сөөктү таштандынын жанына алып барып, жерге көмүп салган кылмышкерлерге сот чечим чыгарды

Чүй райондук соту айыпталуучу мурда соттолгон Жетигендин жана Баямандын (аты-жөндөрү редакция тарабынан өзгөртүлдү) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу аталган соттон маалымдашты.

2005-жылы 2-ноябрда Чүй районунун Алчалуу айылында алар Темирди (аты өзгөртүлдү) мыкаачылык менен сабашкан, ал алган жаракатынан улам каза болгон. Соттолуучулар сөөктү унаага жүктөп, таштанды челектин жанына алып барып, жерге көмүп салышкан.

Сотто айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Жабырлануучунун тууганы билдиргендей, алар Темирди Казакстанда деп ойлошкон, бирок ал кайра 2005-жылы өлтүрүлгөн экен. Бүгүнкү күндө анын айыпталуучуга эч кандай дооматы жок.

Сот бул адамдарды күнөөлүү деп таап, бирок кылмыш жасоонун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу аларды жазадан бошотту.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>