Site icon Reporter.kg

“Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен” аталышында сынак жарыяланды

3-май Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата “Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Сорос-Кыргызстан” фондусу «Сөз эркиндиги карикатуристтердин көзү менен» аталыштагы Экинчи республикалык карикатуралар сынагын жарыялайт.

Сынактын негизги максаты:

КРдеги сөз эркиндиги жаатындагы маселелерге коомчулуктун назарын буруу.

Сынактын милдеттери:
Сынактын катышуучулары:

Сынакка кесипкөй сүрөтчүлөр менен катар кесипкөй эмес сүрөтчүлөр, чыгармачыл кесипке үйрөнүп жаткан студенттер жана көркөм мектептер менен студиялардын окуучулары, дегеле карикатура жанры менен алектенген бардык адамдар катыша алат. Сынакка эмгектер Кыргыз Республикасынын жарандарынан гана кабыл алынат.

Карикатураларды баалоодо төмөнку нерселерге көңүл бурулат:
Эмгектер боюнча талаптар:
Сыйлык тапшыруу:

Сынактын жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана төмөнкү өлчөмдөгү акчалай сыйлыктар (бардык салык төлөмдөрү менен кошо эсептегенде) тапшырылат.

1-орун – 30 000 сом;

2-орун – 25 000 сом;

3-орун – 20 000 сом;

2 кызыктыруучу сыйлык – ар бири 10 000 сом.

Сынакты өткөрүү тартиби:

Сынак эки баскычтан турат:

1-баскыч: 2020-жылдын 10-февралынан 17-апрелине чейин 720021, Бишкек ш., Ибраимов, көч. 115, 2-кабат, №10 бөлмө дареги боюнча же journalist.kg@gmail.com электрондук почтасы аркылуу «Карикатуралар сынагы» деген жазуусу менен эмгектер кабыл алынат. Ар бир эмгек төмөнкү маалыматтар менен коштолушу зарыл:

Ар бир автордон 5тен ашык эмес эмгек кабыл алынат.

2-баскыч: 2020-жылдын 20-24-апрелдеринде жеңүүчүлөр аныкталат.

Сынакка жиберилген бардык материалдар “Карикатура” karikatura.journalist.kg сайтында жана “Азаттык Медиа” (www.azattyk.org), “Кактус Медиа” (kaktus.media), “ПолитКлиника” (pk.kg) жана “Т-Медиа” (t-media.kg) медиа-өнөктөрүбүздүн сайттарында жарыяланат.

Жеңүүчүлөрдү медиа уюмдардын, ЖМКлардын өкүлдөрүнөн жана кесипкөй сүрөтчүлөрдөн турган Жюри аныктайт.

Жеңүүчүлөрдүн ысымдары 3-майда Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата Бишкекте өткөрүлө турган Карикатуралар көргөзмөсүнүн ачылышында аталат. Ошондой эле бул иш-чара учурунда бардык каалоочулар үчүн кесипкөй сүрөтчүлөр карикатура боюнча мастер-класстарды өткөрүшөт.

Кошумча суроолор болсо төмөнкү телефондорго чалып:

+ 996 (312) 29-94-52, + 996 (550) 28-18-99, + 996 (777) 45-10-83, +996 (555) 935-223

же journalist.kg@gmail.com жана elvira.zhekeeva@gmail.com почталары аркылуу жооп алаласыздар.

Exit mobile version