Сөз эркиндигине кысым жок! Депутат АКШнын билдирүүсүн четке какты

Сөз эркиндигине кысым жок! Депутат АКШнын билдирүүсүн четке какты

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Аталган жыйындын башында депутат Умбеталы Кыдыралиев сөз эркиндиги тууралуу маселе көтөрдү.

Ал сөз эркиндигине карата кысым болууда деп АКШнын Өкүлдөр Палатасы тарабынан айтылган билдирүүнү четке какты.

«Кыргызстанда сөз эркиндиги бар. Журналисттерге эч кандай кысым болбой эле турат. Бул бизге карата айтылган жаман доо», — деди эл өкүлү.

Кыдыралиевди улай бир канча депутаттар Кыргызстанда сөз эркиндиги башка мамлекеттерге караганда жогорку деңгээлде экенин кошумчалашты.

Белгилей кетсек, АКШнын Өкүлдөр Палатасы үч басылманын банк банк эсептеринин камакка коюлушунан кийин кыргыз бийлигин сөз эркиндигине кысымды токтотууга чакырган билдирүү тараткан. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>