Саакашвили COVID-19 оорусун жуктурганын айтты

Саакашвили COVID-19 оорусун жуктурганын айтты

Грузиянын мурунку президенти Михаил Саакашвили бир нече жума мурун коронавирустун жеңил түрү менен ооруганын жергиликтүү «TV Pirveli’нин» эфиринен айткан.

Саакашвилиден коронавируска карата анализ алынып, андан вирус жуктурганы аныкталган.

«Корккон эч нерсе жок … Мен өзүм бул вирус менен бир нече жума мурун ооруган элем, жеңил өттү. Көпчүлүк ушул эле нерсени айтышат. Бирок, албетте, этият болушуңар керек», — деди Саакашвили эфирден.

Саакашвилинин айтымында, анын коронавирусу симптомсуз болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>