Саат 10:00гө карата 170 миңден ашуун адам добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында 3 млн 318 миң шайлоочунун 5 пайыздан ашууну добуш берген.
«Саат 10:00гө карата Референдум боюнча 181 81 адам добуш берди, бул 5,04 пайызды түзөт. Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо жалпы 172 миң 139 адам добуш берди, бул жалпы шайлоочулардын 5,19 пайызын түздү», — деди Шайлдабекова.