Саат 14:00гө карата 1 миллионго чукул шайлоочу добуш берди

Саат 14:00гө карата 1 миллионго чукул шайлоочу добуш берди

Саат 14:00гө карата Кыргызстанда 990 миң 492 адам добуш берди.  Бул тууралуу Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.  

“Саат 14:00гө карата Кыргызстандагы шайлоо участокторунда баш аягы 990492 шайлоочу добуш берди.  Бул Кыргызстандагы 3 523 554 шайлоочунун 28, 11  пайызын түзөт”, — деди Шайлдабекова.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 2475 шайлоо учаскасы иштеп жатат.  Алардын 45и чет өлкөлөрдө, ал жактагы кыргыз мигранттарына ачылган.  Кыргызстанда жалпы 3 523 554 шайлоочу бар, алардын 32 602си чет өлкөлөрдө.

Парламенттик шайлоого 16 саясий партия ат салышып, алардан 120 мандатуу Жогорку Кеңешарналганке 1912 адам талапкер болуп катталган.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>