Site icon Reporter.kg

Сабактардын жана иш күнүнүн башталышын жылдыруу сунушталды

Жогорку окуу жайларда сабак саат 08.00дөн башталсын. Бул сунушту Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев көтөрдү.

Анын айтымында, мындай чара шаардагы унаа тыгынын азайтууга жардам берет.

«Мектептер саат 8ден тарта иштесин, ал эми университеттерде сабак саат 10до башталсын . Бардык ишканалар 9да ачылсын. Муну менен биз Бишкектеги тыгынды азайта алабыз», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version