Site icon Reporter.kg

Сабырбек Жумабеков Кытайда медициналык өнүктүрүү жаатында кеңешчи болду

Кыргызстандык хирург Сабырбек Жумабековду Кытайдын Фанченган шаарынын мэри медициналык өнүктүрүү жаатында өзүнө кеңешчи кылып дайындады. Бул тууралуу Саламматтык сактоо министрлиги билдирет.

Мекеменин маалыматына караганда, академик Сабырбек Жумабеков Кытайдын чакыруусу менен аталган өлкөнүн Шанхай, Нанин, Фанченган жана Пекин шаарларында болуп, травматология жана ортопедия боюнча дарс окуган.

Ошондой эле Фанченган шаарынын мэри Жумабековду аталган шаардагы биринчи ооруканага травматология жана ортопедия боюнча башкы адис кылып дайындаган.

Сабырбек Жумабеков Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетектеп келет.

Exit mobile version