Site icon Reporter.kg

Сабыркул Ашимбаев өкмөттүн Нарындагы өкүлү болуп дайындалды

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче Сабыркул Ашимбаев өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Аталган буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Сабыркул Ашимбаев «Мекенчил» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болчу. Ал өткөн шайлоодо партиялык тизмеде 29-болуп ат салышкан.  

 

Exit mobile version