Site icon Reporter.kg

Садык Шер-Нияз элчи болуп дайындалды

Мурдагы маданият министри, режиссер Садык Шер-Ниязга элчи жана Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу өкүлү болуу сунушталган. Бул тууралуу “Репортёрго” өздүк булактар билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 31-мартта ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолуккан.

Жолугушууда аталган кызмат ага кызыктырарын билдирген.

Белгилей кетсек, ЮНЕСКОнун штаб-квартирасы Париж шаарында жайгашкан.

Өмүр баяны:

Садык Шер-Нияз 1969-жылы 10-мартта Талас облусунун Чоң-Капка айылында туулган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Кыргызстандын Кинематографисттер биримдигинин төрагасы, «Айтыш» коомдук фондунун, «Айтыш фильм» киностудиясынын жана «Калемгер» адабий клубунун негиздөөчүсү.

«Курманжан датка», «Биринчи кадр», «Чыңгыздын жылдызы өчпөсүн», «Аян», «Форс-мажор» тасмаларынын режиссеру.

Билими жогору.

Эмгек жолу:

Exit mobile version