Садык Шер-Нияз президенттикке талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди

Садык Шер-Нияз президенттикке талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди

Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-ноябрда Президенттик кызматка өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Садык Шер-Нияз БШКга арыз  жазган.

Буга чейин президенттик шайлоодо талапкер болуп катышуу үчүн Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канатбек Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Женишбек Байгуттиев, Клара Сооронкулова, Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Кубанычбек Кадыров жана  Э. Турдубекова БШКга арыз берген.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Талапкер болууну каалагандар 15-ноябрга чейин БШКга арыз берип, 7-декабрга чейин бир миллион сомдук күрөөнү жана керектүү документтерди тапшырышы керек.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>