Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садык Шер-Нияз президенттикке талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу ал Ибрагим Нуракун уулунун Facebook баракчасында түз эфирде айтты.
Буга чейин анын президенттике талапкер Садыр Жапаров менен жолукканы белигилүү болгон. Бүгүн ал жолугушуу тууралуу маалымат берди.
“Негизи 5 маселе боюнча сүйлөштүк. Маданият тармагы боюнча бардык сунушумду колдоого алды. Сот боюнча 80 пайыз көз карашыбыз дал келди. Ал эми парламентаризм боюнча экөөбүздүн пикирибиз эки ача кетти”, – деди Шер-Нияз.